Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:03

АКШ президенти Чыгыш жана Борбордук Европа саммитине келет


АКШ президенти Дональд Трамп.

Саммиттин конок ээси, Польшанын президенти Анджей Дуданын билдиргенине караганда, алар АКШ президентинин келишинен улам саммитти борбор Варшавага которушууда.

Мурда жогорку жыйынды өлкөнүн түштүк-батышында уюштурууну белгилешкен.

Үч деңиз демилгеси деп аталган саммит 6-7-июлда өтүп, ага Чыгыш жана Борбордук Европа чөлкөмүнүн он эки өлкөсү катышат.

Анда түндүктөн Балтика деңизинен тартып, түштүктө Адириатика жана чыгышта Кара деңизге чейинки аймактын кубатын энергия долбоорлор жана инфраструктура байланыштарын чыңдоо аркылуу арттыруу жолдору талкууланмакчы.

Саммитке АКШ президенти Дональд Трамп да чакырылганын жана ал Польшага барарын Ак үй ырастады.

Трамп Польшага сапарынан кийин Германиянын Гамбург шаарында "Чоң жыйырманын" саммитине катышат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG