Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Турсунбай Бакир уулу президенттикке ат салышат


"ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу быйыл күздө өтчү президенттик шайлоодо ат салышат. Орозо бүтөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берерин "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы партиянын 25 жылдык маарекесине арналган курултайда президенттикке талапкер көрсөтүү маселеси каралып, Турсунбай Бакир уулу сунушталган. Талапкердин программасы да даярдалган.

Бакир уулу партияда 25 миңдей мүчө бар экенин кошумчалады. Ал буга чейинки өткөн президенттик шайлоолордо да талапкер болгон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ушу тапта Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер катары үч адамдан арыз түштү. "Ак шумкар" партиясы Темир Сариевди, "Ата Мекен" партиясы Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн. "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн өзү сунуштады.

Буга чейин "Өнүгүү-Прогресстен" партия лидери Бакыт Төрөбаев, "Республика-Ата Журттан" Өмүрбек Бабанов, саясатчы Акматбек Келдибеков жана КСДПдан Сооронбай Жээнбеков чыгары айтылган. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров орозо айынан кийин бир чечим кабыл аларын билдирген. (SЕ)

XS
SM
MD
LG