Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:00

НATO министрлери Ооганстанга кошумча күч жөнөтүүнү макулдашты


АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис

Бейшембиде Брюсселде жолуккан НАТОнун коргоо министрлери Ооганстандын армиясын машыктыруу үчүн аймакка кошумча күч жөнөтүү чечимине келишти. Бирок канча аскер жөнүндө сөз болуп жатканы так айтылган жок.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис жыйынга келгендер эл аралык коалициянын Ооганстандагы күчтөрүнүн саны убагында шашылыш кыскартылып калган деген бүтүмгө келишкенин айтты.

Эл аралык күчтөрдүн Ооганстандагы миссиясы 2014-жылы аяктаган. Бирок андан бери ооган күчтөрү коопсуздукту камсыз кылууда кыйынчылыкка кабылып келет.

Учурда НАТОнун 13 500 аскери Ооганстанда жергиликтүү армияны машыктыруу жана аларга кеңеш берүү ишин алып барууда. Бул күчтөрдүн жарымын АКШнын аскерлери түзөт.

XS
SM
MD
LG