Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

AP: Трамптын уулуна Клинтонго зыян келтирүүчү документтер берилген


Наталья Весельницкая
Наталья Весельницкая

Associated Press агенттиги былтыр АКШ президенти Доналд Трамптын уулу менен жолуккан орусиялык лоббист ага шайлоодо демократтардан талапкер болгон Хиллари Клинтонго зыян келтирүүчү маалыматтарды бергенин кабарлады.

Трамп өзү жана анын уулу Доналд Трамп президенттик шайлоо маалында, 2016-жылдын июнь айында Нью-Йоркто Трамп-Тауэрде өткөн жолугушууда эч нерсе болбогонун айтып келатышат. Бирок орус-америкалык лоббист жана мурдагы советтик аскер офицери Ринат Ахметшин 14-июлда Associated Press агенттигине орусиялык адвокат Наталья Весельницкая Трамптын уулуна Орусия менен байланышы бар айрым адамдар Демократиялык партиянын Улуттук комитетин каржылап, Клинтонго колдоо көрсөтүп жатканын айткан жолугушууга катышканын билдирди.

Ахметшиндин айтуусуна караганда, Весельницкая анын пикиринде демократтарга берилип жаткан мыйзамсыз каражаттардын агымы деген документтерди алып келген.

XS
SM
MD
LG