Орусиянын Жогорку Соту «Жахаба күбөлөрүнүн» ишмердигине тыюу салган мурдагы соттук инстанциялардын чечимин колдоду. Сот 17-июлда диний топтун доо арызын четке какты.
«Жахаба күбөлөрүнүн» өкүлү Дэвид Семониан Жогорку Соттун чечимин көңүл калтыраарлык деп мүнөздөп, Орусиядагы кудуреттүү күчтөр бул топту экстремисттик уюм катары көрсөткүсү келип жатканын айтты.
Чечимге ылайык, аталган диний топ Санкт-Петербургдагы баш кеңсесин жана өлкөдөгү калган 395 кеңсесин жабууга тийиш. Алардын кыймылсыз мүлктөрү орус өкмөтүнө өткөрүлүп берилет.
«Жахаба күбөлөрү» Европанын адам укуктары боюнча сотуна кайрылары айтылууда.