Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:09

Европа, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада СПИДден каза болгондордун саны өсүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун 20-июлда жарыяланган баяндамасына ылайык, Борбор Азия менен Европада мындай өлүмдөрдүн саны 38 пайызга жогорулаган. Бирок баяндамада бул сан кайсы мөөнөткө салыштырылганы так белгиленген эмес.

2016-жылы дүйнөдө 1 миллион адам СПИДге байланыштуу илдеттерден көз жумган. Бул сан 2005-жылга караганда дээрлик 50 пайызга аздык кылат. Себеби, 12 жыл мурда коркунучтуу илдеттен 1,9 млн киши каза тапкан.

Дүйнөдөгү иммундук жетишсиздик вирусун алып жүргөн 36,7 миллион адамдын 19 миллиондон бир аз ашыгы гана тиешелүү дарылануу курстарынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Буга чейин Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө жыл сайын ВИЧке кабылгандардын саны 10% өсүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG