Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:18

Ооганстандын Коргоо министрлиги өлкө түштүгүндөгү Кандагар провинциясындагы аскерий базага жасалган талиптердин чабуулунан 26 жоокер набыт кеткенин билдирди. Жарадарлардын саны ондон ашты. Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Долат Вазири кагылышууда Талибан кыймылынын 80дей согушкери жок кылынганын айтты.

Ал эми "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматынын өкмөттөгү өз булактары аскерий базага уюштурулган кол салуудан кеминде 30дай киши мерт болгонун кабарлашты.

Талибан кыймылынын согушкерлери аскерий базага 26-июлдун таңында кол салган.

Талиптер кол салуу үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алып, 74 аскерди жок кылып, алтоону туткунга алганын атайын таратылган билдирүүдө маалымдашты.

Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан бери Ооганстанда 1700дөй жайкын тургун курман болду.

XS
SM
MD
LG