Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:40

Казакстанда жеңил учак кулады


Казакстандын Алматы облусунун Жаркент шаарында жеңил учак кулап, ичиндеги эки киши каза болду.

"27-июлда жүгөрү талаасында иштеп жүргөн Як-12 учагы кулап, өрттөнүп кеткен. Бортундагы эки адам тең каза болду" деп билдирди өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов.

Кырсык эмнеден улам болгону азырынча белгисиз. Казак жарандык авиациясы иликтөөсүн баштады.

XS
SM
MD
LG