Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:59

Германия АКШнын Орусияга карата санкцияларына кошулбоого чакырууда


Германиянын экономика министри Евробиримдикти АКШнын Орусияга карата санкцияларына каршы турууга чакырды.

"Албетте биз соода согушун каалабайбыз, бирок Еврокомиссия азыр контрчараларды караштырганы маанилүү", - деди министр Брижит Зиприс 31-июлда жергиликтүү гезитке берген маегинде.

27-июлда АКШ Конгресси санкция боюнча мыйзам долбоорун колдогон. Эми президент Дональд Трамп кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.

Анда орусиялык компаниялар менен иштешкен батыштагы ишканаларга да санкция салуу каралган. Мунун кедергиси "Газпром" менен бирге орус газын Европага алып өтө турган "Түндүк агым - 2" долбоорун куруп жаткан европалык ишканаларга тийиши ыктымал. Немис министри мына ушул жобону алып салууну өтүнүп, расмий Вашингтонго бир нече ирет кайрылышканын белгиледи.

Өткөн жумада Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер да Евробиримдиктин көйгөйлөрү көңүлгө алынбаса, бир нече күн ичинде тийиштүү аракеттерге барарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG