Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Бекназаров Текебаевдин тарапкерлерине: Күрөштү токтотпогула, бирок ден соолукту ойлогула


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

“Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги” уюму түзгөн Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаров бүгүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Бишкекте ачкачылык кармап жаткан тарапкерлери менен жолугуп, ал-абалын сураштырды.

Ал биринчи кезекте ден соолукка көңул бурууга чакырып, доктурлардын айтканын так аткаруу керектигин айтты. "Саясий күрөштү токтотпогула, бирок ден-соолугуңарды ойлогула" деди Бекназаров.

Текебаевге президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тил боюнча тест тапшыруусуна уруксат берүүнү талап кылып Бишкекте беш жана Базар-Коргондо беш адам ачкачылык кармоодо.

Өткөн аптада Бишкектеги акциянын катышуучуларын жергиликтүү бейтапкананын терапевти келип текшерип, дээрлик баарынын кан басымы жогорулап кеткенин, бирөөнүн абалы оор экенин айткан. Бир адам канындагы канттын деңгээли көтөрүлүп, ачкачылыкты токтотууга мажбур болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG