Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Жогорку Соттун маалымат катчысы кызматтан алынганын билдирип чыкты


Айнура Токтошева
Айнура Токтошева

Жогорку Соттун маалымат катчысы болуп иштеп келген Айнура Токтошева дарыланып жаткан учурда кызматтан алынганын билдирип чыкты. Ал муну жетекчилик менен тил табыша албай калганынан көрүүдө.

"Сот жараяндары тууралуу ыкчам маалымат берүүдөгү ачык-айрым позициямдан улам жетекчилик көп жемелечү. Жетекчилердин "неге ал журналистке антип ачык айттың, интервью бербе" жана башка ушул сыяктуу эркин чыгармачыл адамга карата жасалган басмырлоодон, чектөөлөрдөн кутулганыма кубанам", деп Токтошева Фейсбук баракчасына жазды.

"Азаттык" аны менен байланышканда өзү арыз жазбаганын, жумуштан бошотулганынын себебин билбесин, учурда ооруканада экенин ырастады.

Ал эми Жогорку Соттун маалымат кызматы бул маселе мекеменин ички иши экенин белгилеп, комментарий берүүдөн баш тартты.

 

XS
SM
MD
LG