Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Шарлотсвиллде эскерүү иш-чарасы өттү


Шарлотсвиллдеги Хизер Хейердин элеси түшүрүлгөн такта
Шарлотсвиллдеги Хизер Хейердин элеси түшүрүлгөн такта

АКШнын Шарлотсвилл шаарындагы Виржиния университетинин алдына миңдеген адам чогулуп, төрт күн мурда расизмге каршы акцияда каза тапкан Хизер Хейерди шам жагып эскеришти.

Шаршембинин кечиндеги бул тынч акцияны студенттер жана университет жамааты уюштурган. Алар коопсуздук маселесинен улам бул иш-чараны интернеттеги социалдык тармактарга көп жайылтпоого чакырышкан. Ушундай эле эскерүү иш-чарасы Шарлотсвилл театрында да өттү.

Өткөн апта соңунда Шарлотсвиллде ашынган-оңчул активисттерге каршы акциянын катышуучуларын автоунаа тебелетип кеткен. Андан юридикалык фирмада иштеген 32 жаштагы Хизер Хейер каза таап, 19 киши жараат алган. Бул окуя боюнча киши өлтүрдү деген айып менен 20 жаштагы Жеймс Алекс Филдс кармалган.

XS
SM
MD
LG