Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

21-августтун аба ырайы: жаан жаайт


21-августта түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Күндүз кээ бир аймактарда жаан-чачын болот. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30,

Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +25...+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +25...+30,

Нарын аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +6...+11.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29°.

XS
SM
MD
LG