Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Шайлоо-2017: Мадумаровго чогултулган 43 миң кол тамга БШКга тапшырылды


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго топтолгон кол тамгалар бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Жалпы 55 миңге жакын кол чогулган, алардын ичинен 10 миңден ашууну жараксыз деп табылып, 43 миңи Боршайкомго өткөрүлүп берилгенин Мадумаров өзү "Азаттыкка" тастыктады.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкер болуп катталуу үчүн 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 млн сом шайлоо күрөөсүн коюп, кыргыз тилинен тест тапшыруу зарыл.

Мадумаров "Кыргызтесттен" 96,7 упай алган. (RK)

XS
SM
MD
LG