Венесуэланын лидери Николас Мадуро 22-августта Орусия менен Ватиканга кайрылып, АКШнын "аскердик коркунучун" алдын алууга жардам берүүгө чакырды. Ал жакын арада Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен жолугарын билдирди.
Шаршембиде орус лидери менен Москвада кездеше турган Ватикандын чабарманы, кардинал Пьетро Паролин да Орусияны Венесуэладагы чыңалууну жөнгө салууга көмөктөшүүгө үндөгөн. Бул өлкөдө бир нече айдан бери массалык нааразылык акциялары өтүп жатат. Демонстранттар президент Мадурону экономикалык кризис үчүн күнөөлөп жатышат. Мадуро 22-августта баш калаа Каракастагы маалымат жыйынында АКШнын басып кирүүсүнөн кооптонуп жатканын айтты.
Август айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп барган сайын авторитардык багытка бурулуп бараткан Мадуронун өкмөтүнө каршы аскердик аракеттерди караштырышы мүмкүндүгүн ишара кылган. Орусия президент Трамптын бул айтканын "кабыл алынгыс" деп мүнөздөгөн.