Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:19

Ташкентте кечээ мурдагы президент Ислам Каримовдун эстелиги салтанаттуу ачылды. "Азаттык" радиосунун өзбек редакциясы кабарлагандай, эстелик августтун ортосунда маркумдун "Аксарай" деген резиденциясынын жанына тургузулган.

Салтанатка мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев, Каримовдун жесири Татьяна, премьер-министр Абдулла Арипов, өкмөт жана парламент мүчөлөрү, коомдук ишмерлер катышты.

Эстеликке эл аралык конкурс жарыяланып өзбекстандык скульптор Илхом Жабборовдун долбоору тандалган. Самарканд шаарында да биринчи президенттин эстелиги орнотулган.

Өлкөнү 1989-жылдан бери башкарган Каримовдун өлүмү тууралуу былтыр 2-сентябрда жарыяланган.

Маркум президент Өзбекстанда авторитардык режим орнотуп, оппозицияны жана эркин прессаны жок кылгандыгы үчүн көп сындалып келген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG