Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:10

Германия ооган качкындарын депортациялоону кайра баштады


Германия депортациялагандар Кабулдун аэропортуна келген учур. 13-сентябрь, 2017-жыл.

Германиядан качкын макамын алуу арызы четке кагылган сегиз ооган бүгүн кайра Ооганстанга жөнөтүлдү.

Бавария жеринин ички иштер министри Иоахим Хермандын айтымында, Ооганстанга кайра жөнөтүлгөндөрдүн баары соттолгон кылмышкерлер, кеминде экөө зордуктоо фактысы боюнча соттолгон.

Ал эми Ооганстандын Качкындар иши боюнча министрлигинин өкүлү Мухаммад Асиф Аббасинин айтымында, депортациялангандардын кеминде үчөө кылмыш жасагандар.

13-сентябрдагы депортация быйылкы жылдын май айынын соңунан берки алгачкысы болду.

31-майда Кабулда Германия элчилигинин имараты да жарым-жартылай талкаланган жардыруудан кийин немис өкмөтү ооган качкындарын артка кайтаруу ишин убактылуу токтоткон болчу.

Анда 100дөй кишинин өмүрү кыйылгандыктан качкындарды колдогон топтор немис бийликтерин коопсуздук жүйөсүнөн улам депортацияны токтотууга чакырышкан.

Германия өкмөтү азыр оогандардын үч тобун: терроризм боюнча шектелгендерди, кылмыш жасап соттолгондорду, ким экендигин талаптагыдай текшертүүдөн баш тарткандарды депортациялаганы жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG