Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Шайлоо-2017: Бабанов боюнча эки иш сотко өттү


Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 26 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабында шайлоочулардын добушу үчүн акча төлөнүп жатканын маалымдаган. Ал Бабановдун 12-кичи райондогу штабынын координаторлору №2 форма менен добуш топтоонун жана сатып алуунун жолдорун үйрөтүп жатат деген видеотасманы милицияга өткөрүп берген.

Бул ишти Октябрь райондук соту 4-октябрда карайт.

Бабанов үчүн добушка акча сунушталганы тууралуу дагы бир арызга байланыштуу иш 29-сентябрда Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Анда да, прокуратуранын билдиришинче, Бабановдун үгүтчүсү деген аял ар бир добуш үчүн 1000 сомдон сунуштап жатканы видеотасмага алынып, Фейсбукка жайгаштырылган.

Бабанов 1-октябрда маалымат жыйын куруп, бийлик ага карата "каралоо" уюштуруп жатканын айтып, муну президенттик шайлоонун алдында өзүнүн рейтинги жогорулаганы менен байланыштырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG