Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:17

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго үгүт учурунда диний ишмер Садыкжан Камаловду аралаштырганы үчүн эскертүү берди. Добуш берүү учурунда БШКнын сегиз мүчөсү Бабановго жазуу жүзүндө эскертүү бергенге макул болушту.

Бул чечимди колдобогон БШКнын айрым мүчөлөрү эскертүү Бабановго эмес Бакыт Төрөбаевге берилиши керектигин айтышты. Себеби Төрөбаев үгүт ишине Камаловду өзү чакырганы тууралуу БШКга жазуу жүзүндө түшүндүрмө бергенин БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

- Бул жерде тең укуктуулук сакталбай калды. Буга чейин Чубак ажы Жалилов Жээнбековго карата үгүт жүргүзгөндө Ташиевге эскертүү берилген. Себеби, Ташиев диний ишмерди үгүт ишине өзү алып барганын мойнуна алган. Бул дагы ошондой эле ситуация болгондуктан Бабановго эмес, Төрөбаевге эскертүү беришибиз керек болчу. Бирок көпчүлүк БШК мүчөлөрү Бабановго эскертүү берилсин деп колдошту.

Бул иш боюнча буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ош шаарындагы «Кыргызстан эл аралык ислам кызматташтыгынын борбору» диний уюмунун жетекчиси, Кара-Суу шаарындагы «Садыкжан каары Камалуддин» медресесинин мүдүрү, «Имам Азам» мечитинин негиздөөчүсү Садыкжан Камаловго эскертүү берген.

Андан мурдараак дагы бир диний аалым, Уламалар кеңешинин мүчөсү, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов талапкер Сооронбай Жээнбековду үгүттөөгө катышканы үчүн эскертүү алган. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG