Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

ИИМ: Жумакадыровду сүзгөн "КамАздын" айдоочусу башкарууну жоготуп койгон


Темир Жумакадыровдун жол кырсыгына кабылган автоунаасы (7-октябрь, 2017-жыл)
Темир Жумакадыровдун жол кырсыгына кабылган автоунаасы (7-октябрь, 2017-жыл)

Маркум вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгында "КамАЗдын" айдоочусу унааны башкара албай калган. Бул тууралуу патрулдук милициянын Башкы башкармалыгы маалымдады.

25 жаштагы Панфилов районунун тургуну, "КамАЗдын" айдоочусуна кылмыш иши козголгон. Милиция жол кырсыгын толук иликтөө үчүн күбөлөрдү жардамга чакырууда.

Буга чейин ИИМ "КамАЗдын" айдоочусу эки айга камакка алынганын, тергөө жүрүп жатканын билдирген. Оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Чүйдөн буудай тартып келаткан.

Вице-премьер-министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен сүзүшкөн. Темир Жумакадыров Талас облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүү үчүн бараткан.

9-октябрда кыргыз коомчулугу Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатып, маркумдун сөөгүн “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө койгон.

38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов каза тапкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG