Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Жээнбековго Оштун мэри ичик кийгизди


Мэр Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер Сооронбай Жээнбековго ичик кийгизди.
Мэр Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер Сооронбай Жээнбековго ичик кийгизди.

КТРКда президенттикке талапкерлердин кезектеги теле таймашына бийлик сүрөп жаткан талапкер Сооронбай Жээнбеков келген жок.

12-октябрда КТРКда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Арсланбек Малиев жана Азимбек Бекназаров телетаймашка чыгышмак. Бирок дебатка Жээнбеков катышкан жок.

Анын келбей калышы интернетте кызуу талкууга түшкөн учурда Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев Жээнбековго ичик кийгизип жаткан сүрөт тарады. Бул сүрөт коомчулуктун катуу сынына кабылып, талкуу басаңдай электе ошол эле салтанаттан тартылган видео да пайда болду.

Тасмада кызуу кол чабуулардын коштоосунда кимдир бирөөнүн “хан келатат дебейсиңерби?” деген сөзү даана угулат.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков “бүгүнкү жолугушуу жакшы өттү. 12синде президент келет” деген сөздү айткан. 11-октябрда Жээнбеков Ошто шайлоочулар менен жолуккан. 12-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Ошко иш сапар менен келген.

Анда Ош мэри Айтмамат Кадырбаев, мэриянын аппарат башчысы Алмаз Осмонов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековдун өкүл баласы Абдышүкүр Жураев сыяктуу таанымал кишилердин кол чаап турганын көрүүгө болот.

Мэриянын атын атагысы келбеген кызматкери талапкерге ичик жапкан окуя 11-октябрда Оштогу "Отор" ресторанында болгонун ырастады. Ал эми видеого өзүн кошо тарткан Жураев видео былтыр тартылганын айтты. Бирок окуя кайсы жерде болгонун чечмелегиси келбей телефонду өчүрүп койду.

Ушул эле видеодо бериле кол чаап турган аппарат башчы Алмаз Осмонов Жээнбековго чепкен жапкан окуя качан болгонун эстей албасын билдирди:

- Мен билбейм аны. Кайсы жерде болгону такыр эсимде жок.

Ал эми Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев “Жээнбековго ичик кийгизбегенин" айтууда.

- Ошол видеону көрөйүн, анан жооп берем. Аны азыр көргөнгө менде убакыт жок. Мен ал кишиге ичик кийгизген жокмун.

Видео каармандары канчалык танган менен андагы сөздөр Жээнбековдун 11-октябрда Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусунан кийин, президенттин Ошко сапарынан бир күн мурун тартылганы коомчулукта айтылууда.

Бирок БШКнын мүчөсү Назарали Арипов болсо бийлик сүрөп жаткан талапкерге шаар башчынын ичик кийгизүүсү шайлоо эрежесин бузуу катары мыйзамга кирбегенин айтты:

- Укуктук жактан алганда, мен мыйзам бузууну көргөн жокмун. Ресторанда отурабы же чайханада отурабы бул жагы мыйзамда каралган эмес. Эми анын моралдык этикалык жагын талапкерлер өздөрү карап көрүшү керек.

Бул арада коррупция менен аёосуз күрөшүүнү убада кылып жаткан бийликтин талапкери Жээнбековдун шаар башчынын колунан кийит кийгени коомчулукта катуу сынга кабылды. Ош шаарынын тургуну Абийбилла Бердиев бул көрүнүштү мурдагы президент Аскар Акаевдин окуясына окшоштурду.

- Бул өтө жоопкерсиз, уят жоосун. Коррупцияга каршы күрөшөм деп, анан президент болбой жатып шаар башчынын колунан кымбат ичикти кийгени кандай? Ал ичик өтө кымбат, элдин баары ала албайт. Ош университетинин мурдагы ректору Мурзубраимов да Акаевге ушундай ичик кийгизген эле. Аягы эмне болуп бүттү?

Ал арада социалдык тармактарда бийлик сүрөп жаткан талапкерге мамлекеттик кызматкердин тон жаап, сый көрсөтүп жатканы сынга алынды. Бирок окуянын этикалык жагына эч кайсы орган баа бере элек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 11 талапкер ат салышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG