Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

ЖМК: Манафорт Дерипаскадан 60 млн доллар насыя алган


Пол Манафорт
Пол Манафорт

Дональд Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт орусиялык олигарх Олег Дерипаскадан 60 млн доллар насыя алган болушу ыктымалдыгын NBC News телеканалы кабарлады.

Анда Манафортко байланыштуу офшордук ишканалар Дерипаскага тиешелүү, Британиянын Виргин аралдарында катталган фирмадан акыркы он жылда 26, 7 жана 27 миллион доллар алганы айтылат.

Манафорт менен Дерипасканын каржылык байланыштары тууралуу мурда да айтылып келген.

Дерипасканын өкүлдөрү азырынча телеканалдын маалыматтарын комментарийлей элек, ал эми Манафорттун өкүлү "ал орус өкмөтү менен жашыруун сүйлөшүүлөргө барбаганын" кайталоодо.

Президент Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Америкадагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөдө негизги фигуралардын бири болуп эсептелет. Бирок азырынча анын дарегине эч кандай айыптоо айтылган жок.

XS
SM
MD
LG