Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Шавкат Мирзиёев олигарх Усмановдун учагын ижарага алганы айтылууда


Орусиялык олигарх Алишер Усмановдун Airbus 340 M-IABU учагы Өзбекстан президентинин расмий учагы катары пайдалануу максатында ижарага алынган. Бул тууралуу «Өзбекстан аба жолдору» улуттук авиакомпаниясынан билдиришти.

- Өкмөт президент үчүн ижарага учак издөө жана тандоо тапшырмасын берген. Жыйынтыгында коопсуздук жана техникалык даярдыгы эске алынып, GlobalJet оператору сунуштаган Airbus 340 M-IABU учагы тандалган, - деп айтылат аталган компаниянын маалыматында.

Шавкат Мирзиёев өткөн аптада Сочидеги КМШ мамлекет башчыларынын саммитине, андан мурда Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына Усмановдун учагы менен барганы кабарланган.

FlightRadar24 сервисинин маалыматына караганда, былтыркы сентябрдан бери Алишер Усмановдун учагы Ташкент аэропортуна кеминде 12 жолу конгон. Бир жыл ичинде аба майдандын учак токтотуу жайында M-IABU номурундагы A-340 Bourkhan лайнери 50 күндөй турган.

Алишер Усмановдун Airbus A340-313 учагы 350 миллион долларлык жана дүйнөдөгү эң кымбат жеке учактардын бири. Ал Усмановдун атасынын урматына «Burkhan» (Бурхан) деп аталган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Алишер Усмановдун туугандык байланышы бар. Мирзиёевдин жубайынын жээни Диера Алишер Усмановдун 2013-жылы Ташкентте жол кырсыгынан каза болгон иниси Бабурдун жесири.

XS
SM
MD
LG