Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:18

Талас облусунда азык-түлүк баасы кымбаттады


Таластагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети. Сүрөт 14-октябрда тартылган.

Кыргыз-казак чек арасындагы акыркы жагдайдан улам Талас облусунда күнүмдүк оокатка керектелчү азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттап кетти.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин Талас облустук бөлүмүнүн маалыматына караганда, 5-октябрдан бери ундун бир килосу үч сомго, күрүчтүн түрү килограммына эки сомдон 10 сомго чейин, картөшкө үч сомго жогорулады.

Мындан тышкары, көмүрдүн тоннасы 700 сомдон 900 сомго чейин көтөрүлүп, бир тоннасы 5-6 миң сомдун тегерегинде сатылууда. Облуста цемент тартыштыгы да жаралды. Ал эми төө буурчактын көп айдалган түрү төрт-беш сомго арзандап, 50 сомдун тегерегинде болууда.

Талас облусунун элинин 80 пайызы Казакстандын Жамбыл облусу менен соода-сатык жүргүзөт. Тараздан Таласка курулуш материалдарынан тарта ун, май, чай сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк арзан баада келет. Жергиликтүү жашоочулар казак тарапка жер-жемишин сатат. Эки өлкөнүн ортосунда такси айдап, эл ташыгандар да бир топ.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигинин дарегине бир катар сын айткан. 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, оор жүк ташуучу автоунаалардын 10 чакырымдан ашкан кезеги пайда болду. Бирок Астана бул кадамын Атамбаевдин айтканы менен байланыштырган эмес, алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. Чек ара кызматы билдиргендей, казак тарап бир күндө 100дөн ашык оор жүк ташыган автоунаа өткөрүүдө. Мурун Астана күн сайын 400дөн ашык машине өткөрүп келген. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG