Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Өкмөт: быйыл жол кырсыктары алты пайызга өстү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Быйылкы жылдын тогуз айында республиканын аймагында 4460 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга көп. Ал эми жаракат алгандар 5,8 пайызга жогорулаганын Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

- Катталган жол кырсыктарынын 87 пайызы айдоочулардын кайдыгер мамилесинен келип чыккан. Бул маселе премьер-министр Сапар Исаковдун жеке көзөмөлүндө турат. Өкмөт маселе боюнча дайыма иш алып барууда.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынынын ар кандай маселер бөлүгүндө бир катар депутаттар соңку учурда жол кырсыктарынын саны көбөйүп жатканына тынчсызданып, өкмөттөн “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүүнү эртелетүүнү талап кылышты.

Бишкек шаардык патрулдук милиция маалымдагандай, акыркы он айда борбор калаада 1840 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 8,3 пайызга көп. Жол кырсыгы жыл сайын миңге чукул жарандын өмүрүн алууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG