Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Өзбекстанда кызын сабаган милиционерге кылмыш иши козголду


Сабалган кыздын аты Мумина экени кабарланды.
Сабалган кыздын аты Мумина экени кабарланды.

Ташкент шаарында төрт жашар кызын аёосуз сабаган атанын үстүнөн кылмыш иши козголду. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы тийиштүү булактарга таянып кабарлагандай, ал Мирабад райондук милициясынын кызматкери экени аныкталды. Кылмыш кодексинин төрт беренеси менен козголгон ишти Чиланзар райондук прокуратурасы карап жатат.

Өткөн жуманын соңунда эркек киши наристе кызды сабаганы тартылган тасма Интернетке чыгып, өлкөнүн мамлекеттик телеканалындагы ток-шоуда көрсөтүлгөн. Видеону кызды токмоктоп жаткан атасы өзү тарткан. Тасмада ал аялы Түркияга кетип калганын айтып, кызын сабап жубайынан өч алып жатканын билдирген. Кыз атасына жалынып, "урбаңыз" деп суранган.

Окуя быйыл апрелде болгону такталды. Видеону кыздын апасы күч органдарына берген.

Соттун чечими менен сабалган төрт жашар кыз жана анын сегиз жаштагы агасы апасына өткөрүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG