Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:51

АКШнын коопсуздук кызматы президент Дональд Трампка Украинага орусиялык агрессиядан коргонуу үчүн курал-жарак берүү тууралуу чечимин сунуштамакчы. Бул тууралуу ABC телеканалы Мамлекеттик департаменттеги булактарына таянып, ишембиде маалымдады.

Киевге 47 млн доллар кайтарымсыз насыя берүү чечими Трамптын жакын жардамчылары тарабынан шейшембиде кабыл алынган. Анда Украинага танкка каршы "Жавелин" деп аталган ракета комплексин сатуу тууралуу сөз болгон. Курал сатууда Конгресстин жана президенттин макулдугу алынышы керек.

Өткөн айда украин парламенти Вашингтон менен мамиленин жакшырганына ыраазычылыгын билдирген. АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис август айында Украинага барган кезинде Киевге аскерий жардам берүү маселесин карап чыгууну убада кылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG