Чек ара кызматынын ардагер генерал-майору Рысбек Мирзаматов өкмөткө караштуу мекемелер аралык комиссиянын өзүн “ооган согушунун ардагери” эмес деп чыгарган бүтүмү анын жүйөлөрүн укпастан чыгарылганын айыптады. Мирзаматов советтик жоокер катары Ооганстанга тапшырма менен барганын айтты.