Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Гавайиде жалган эскертүү жашоочулардын үшүн алды


Hwasong-15 континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Hwasong-15 континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.

13-январда АКШнын Гавайи штатынын тургундарынын телефондоруна "аралга баллистикалык ракета жакындап келе жатканы" тууралуу жалган кабар жиберилген. Ракеталык чабуул тууралуу билдирүү кол телефондорго 38 мүнөт бою келип турган.

Өзгөчө кырдаалдар кызматтары бул маалымат жалган экенин кабарлашты. Штаттын губернатору CNN телеканалына билдиргени боюнча, маалымат нөөмөт алмашуу учурунда туура эмес кнопканы басып алуунун натыйжасында болгон. Учурда адистер маалыматтын туура эмес кетип калуу себебин аныкташууда.

Гавайи аралына Түндүк Кореядан баллистикалык ракета 20 мүнөт аралыгында келип түшөрү белгилүү. Америкалык эксперттердин белгилөөсү боюнча, эгерде машыгуу жүрүп жаткан болсо, ал жөнүндө маалымат берүүгө бир нече адам гана укуктуу жана машыгуу штаттын тургундарына эч кандай коркунуч келтирбейт.

Гавайи штатында 1,5 млн киши жашайт. Арал 1959-жылы АКШнын 50-штаты болуп кошулган. Гавайи аралы Тынч океандын Түндүк жарымшар бөлүгүндө жайгашкан.

XS
SM
MD
LG