Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Коопсуздук кеңешинин сайты ишке кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Anticorruption.kg" деп аталган сайт аты айтып тургандай, коррупцияга каршы күрөшкө жарандарды тартууну максат кылат. Анда коррупцияга чалдыккан тармактардын, аймактардын интерактивдүү картасы жайгашкан. Бул карта жарандардын кайрылуусуна жараша улам өзгөрүп, жаңыланып турат.

Мындан тышкары, порталда бардык тармактардагы коррупциялык иштер тууралуу анонимдүү маалыматтарды да калтырууга болот.

Сайтта коррупция менен күрөшүүчү бардык мамлекеттик органдар тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Ошондой эле анда коррупцияга каршы жүрүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтар жана Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу тарабынан даярдалган Коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын ишке ашуусуна коомдук көзөмөлдү күчөтүү боюнча пландар да орун алган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын казынасы өткөн бир жылда коррупциялык мүнөздөгү кылмыштардын айынан бир жарым миллиард сомго жакын зыян тарткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG