Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Айылдарды таза суу менен камсыз кылчу жаңы долбоор иштей баштады


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Элет жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылыш үчүн “Ала-Тоо булагы” долбоору иштей баштады. Бул программанын алгачкы этабына 71,2 млн. доллар бөлүндү. Ага Ош, Чүй жана Ысык-Көл облусундагы таза суу жетпеген айылдардагы иштер бүтөт. Бул тууралуу таза суу менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Кыргызстанда 1813 айыл бар. Анын ичинен 631 айыл сууга өтө муктаж деп эсептелет. Ошол маселени чечиш үчүн өкмөт чет өлкөлүк донорлор менен иштеп жатат. 117 айылды камтыган чоң долбоор башталды, анын мөөнөтү токтобойт. Кыргыз тарап бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланса эле донорлор аны улантып, колдоого даяр.

Бул долбоор Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги - АРИС уюму менен чогуу ишке ашырылат. Ага Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы каржылык колдоо көрсөтүүдө. Бүгүн, 19-январда “Ала-Тоо булагы” долбоорунун бет ачары болот. Ага өкмөт өкүлдөрү, эл аралык уюмдардан эксперттер катышат.

Акыйкатчы институтунун буга чейинки иликтөөсүнө караганда, былтыр элет жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылыш үчүн бюджеттен 358 млн. сом каралып, бирок болгону 50 млн. сом гана бөлүнгөн. Кыргызстандын эл жашаган аймактары 21% гана саркынды суу агызуучу система менен камсыздалган. Иликтөөгө ылайык айыл жерлеринде мектептерде жана медициналык мекемелерде гана саркынды суу агызуучу система болбосо, калган жерлерде жок.

Буга чейин “Таза суу” деген долбоор болгон жана ага 2001-2014-жылдары эл аралык донорлордон 90 миллион долларга жакын каражат келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай калганы, алар сапатсыз орнотулганы, долбоор коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону ачыкка чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG