Чүй облусунун Москва райондук соту 30-январда мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза тапкан жол кырсыгына байланышкан ишти кароону улантты. Сотто прокурор Жумакадыров түшкөн автоунаа менен кагышкан жүк ташуучу машиненин айдоочусу Афтандил Таалайбек уулунун күнөөсү далилденгенин айтып, аны он бир жыл жатак абакка кесүүнү сурады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, актоочу тарап айыпталуучуга шарттуу жаза берүүнү өтүнүп жатат.
- Бүгүн автотехникалык экспертизанын жыйынтыгын угушту. Кийинки териштирүү 2-февралда, саат 10до болот. Ошондо айыпталуучуга акыркы сөз берилип, андан кийин чечим кабыл алынат.
25-январдагы алгачкы отурумда соттолуп жаткан 25 жаштагы Афтандил Таалайбек уулу "Жигули" машинесинен озуп өтөм деп каршы тилкеге чыкканын, "алыста келаткан жолтандабасты көрүп, ага белги бергенин, бирок кеч болуп калгандыктан рулду жол четине бурганын, маркумдар түшкөн автоунаа дагы ошол жакка бурулуп кагылышуу болгонун" билдирген. Жол кырсыгынан мамлекетке 2 миллион 127 миң сом зыян келтирилгени айтылып, бирок айыпталуучу аны төлөй албай турганын белгилеген.
Былтыр 7-октябрда Бишкек-Чалдыбар жолунда "Тойота -Лэнд Крузер" автоунаасы буудай тартып келаткан "КамАЗ" автомашинасы менен кагылышып, натыйжада 38 жаштагы Темир Жумакадыров, жардамчысы - 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу - 33 жаштагы Нурбек Муканов каза тапкан.
ИИМ жол кырсыгына "КамАЗдын" айдоочусун күнөөлөп, кылмыш ишин козгогон. Ал тергөө абагына камалган.
Жумакадыров президенттик шайлоого Талас облусунун даярдыгын текшериш үчүн бараткан.