Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Тажик бийлиги эски машинелерди өлкөгө алып келүүгө тыюу салды


Дүйшөмбү шаарындагы автосалондо турган жол тантабастар.
Дүйшөмбү шаарындагы автосалондо турган жол тантабастар.

Тажикстандын өкмөтү 2005-жылга чейин чыккан автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган токтом кабыл алды. Токтом 15-февралдан баштап күчүнө кирет.

Тажикстанга жеңил автоунаалар Балтика жана Европа өлкөлөрүнөн келет. Көбү 2000-2005-жылдарда чыккан. Импорттолгон автомобилдердин 80% Германия өндүрүшүнө таандык, алардын көбү Opel үлгүсүндөгү машинелер.

2016-жылдын аягында Тажикстанда жарым миллион автоунаа каттоодон өткөн. Алардын 50-60% эски экени айтылган. Айлана-чөйрөнү коргоо комитети мындай машинелер абаны булгап, адам өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын жарыялаган.

Тажик бийлиги 2017-жылдан тарта жаңы автоунааларды алып кирүүгө бажы төлөмдөрүн 50% кыскартты. Бир жыл мурун чыккан, 10 миң чакырымдан ашык жүрбөгөн автоунаалар жаңы деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG