Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Бишкекте куралдуу карактоо боюнча шектүүлөр кармалды


Карактоого байланыштуу шектүү катары кармалгандар.
Карактоого байланыштуу шектүү катары кармалгандар.

Бишкек шаарында курал колдонуу менен дүкөндү карактоого байланыштуу шектүү үч киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 3-февралдан 4-февралга караган түнү Жал кичирайонунда жайгашкан дүкөнгө беткапчан белгисиз жарандар кирип келип, сатуучуну тапанча менен коркутуп 80 миң сомун алып кеткен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Карактоо") боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында 6-февралда бул карактоого байланыштуу шектүү катары үч кишиден турган кылмыштуу топ кармалды. Алардын жанынан эки тапанча, эки медициналык беткап, ок-дары жана башка буюмдар алынды. Тергөө уланууда.

Шектүүлөр мурда да Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында бир топ кылмыш кылып, камалып, жакын арада эле абактан чыкканы аныкталды. Бишкек шаардык милициясы бул жарандардан жабыркагандар болсо 0(312) 54-41-84; 0778 77-37-37 номерлерине байланышуусун өтүнөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG