Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Олимпиада: Орус хоккейчилери финалга чыгышты


Үчүнчү голдон кийинки көз ирмемдер, Пхёнчхаң, 23-февраль.
Үчүнчү голдон кийинки көз ирмемдер, Пхёнчхаң, 23-февраль.

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиадада орус хоккейчилери финалга чыгышты. Алар 23-февралдагы жарым финалда Чехиянын курама командасын 3-0 эсебинде утуп алышты.

Орусиялык хоккейчилер экинчи таймда 30 секунданын ичинде эки жолу упай ачышты. Үчүнчү голду Илья Ковальчук оюн бүтөөрүнө 20 секунда калганда киргизип кетти.

24-февралдагы экинчи жарым финалда Канада менен Германия беттешет.

Орусиянын курама командасы допинг жаңжалынан улам олимпиададан четтетилген. Кызытма колдонбогонун далилдеген спортчулар бейтарап желектин алдында оюндарга катышып жатышат.

23-февралда 15 жаштагы орусиялык Алина Загитова кыз-келиндер арасындагы көркөм муз тебүүдө биринчи болуп, "Орусиялык олимпиада атлеттеринин" капчыгына биринчи алтынды алып келди.

XS
SM
MD
LG