Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Олимпиада: Орусиянын дагы бир спортчусунан кызытма табылды


Орусиялык бобслейчи Надежда Сергеева
Орусиялык бобслейчи Надежда Сергеева

Түштүк Кореядагы кышкы олимпиадага катышкан орусиялык бобслейчи Надежда Сергееванын анализдеринен кызытма табылды. Бул тууралуу Орусиянын Бобслей федерациясынын башчысы Александр Зубков 23-февралда билдирди.

Анын айтымында, Сергеева анализдерин 18-февралда тапшырып, анын жыйынтыгы менен спортчу тыюу салынган дары-дармек колдонгону аныкталды.

Надежда Сергеева 21-февралдагы бобслей мелдешине катышып, өнөктөшү экөө марага 12-болуп келишкен. Ал допинг колдонбогонун айтып жатат.

22-февралда Спорттогу арбитраждык сот мельдоний колдонгону аныкталган орусиялык Александр Крушельницкийди кёрлингде уткан коло медалынан ажыраткан болчу.

XS
SM
MD
LG