Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу тоолуу жолдорго чыкпай турууну эскертти. Аябай зарылчылык болсо айдоочулар автоунаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 3-марттан 9-мартка чейин тоолуу жолдордо карды атып түшүрүү иштери жүрөт. Бул үчүн 2-мартта өкмөт башчынын буйругу чыккан.
Кыргызгидромет да эскертүү берип, ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын көбөйүп, туруксуз аба ырайы болорун билдирген. (SE)