Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Зулушев: Сапар Исаков кеңешчилеринин артына бекинүүдө


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнүн дарегине айтылган сынды чычалоо менен кабыл алганын билдирип, муну чабалдык катары сыпаттады.

Парламенттин 11-апрелдеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Зулушев "премьер-министр кеңешчилеринин артына бекинип, өкмөттүн дарегине сын айткандарды жамандатып жатканын" белгиледи.

Жыйынга катышып жаткан премьер-министр Сапар Исаков муну депутаттын жеке пикири экенин, ким кандай иштегенин эл көрүп жатканын айтты.

28-мартта парламент жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу Зулушев маселе көтөрүп, өкмөт саясий жактан да, финансылык жактан да, кадрдык жактан да банкрот болгонун билдирген. Андан соң айрым интернет сайттарында "депутаттын айткандары орунсуз" деген өңүттөгү макалалар чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG