Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Талкууга түшкөн имамдын чакырыгы


Бүтүрүүчүлөр. Архивдик сүрөт.
Бүтүрүүчүлөр. Архивдик сүрөт.

Классташтардын юбилейлик жолугушууларын токтотууга чакырган имамдын сөздөрү талкууга түштү.

Кыргызстанда классташтардын жолугушуусуна каршы чакырык таштаган имамга Бишкек шаарынын казысы эскертүү берип, "дин өкүлү жеке көз карашын башкаларга таңуулабашы керек экенин" түшүндүрдү.

Жарандык активисттер имамдын сөзүн "адамдардын эркиндигин чектөөгө тете жорук" катары сыпаттап жатышат. Бирок молдонун айтканын колдоп, аны бир тараптуу сындоого болбойт деген пикирлер да бар.

"Ал сенин классташың эмес..."

Классташтардын 10-20 жылдык жолугушууларын уюштурбоого чакырган диний мүнөздөгү аудио жазуу "YouTube" порталына 18-апрелде чыкты. Анда мындай сөздөр айтылат:

"Азыр кээ бир адамдар бар, "10 жылдыгыбыз келди, 20 жылдыгыбыз келди" деген... Азыртадан даярданып жатышат. Ал жолдон кайт! Ал мектептен кеткениңе 10 жыл болду. Сени мектептен кууп чыкканына 20 жыл болду. Ал сенин классташың эмес. Аны кантип сен "классташым" деп бир бөлмөдө отуруп, бийлейсиң? Бул акылга сыйбай турган нерсе..."

Cүйлөп жаткан адам Бишкектин Киркомстром конушундагы "Хайл-Хижра" мечитинин имамы Бахтыяр Шарапов экени айтылып, анын сөзү социалдык тармакта кызуу талкууга түштү. Айрым колдонуучулар дин өкүлүнүн айткандарын "жарандардын эркиндигин чектөө аракети" деп сындап жатышат.

Бурул Усманалиева.
Бурул Усманалиева.

​Жарандык активист Бурул Усманалиева "имамдын бул өңүттө сүйлөөгө акысы жок" дегендердин бири:

- Мындай чакырыкты имамдын айтканы туура эмес. Жапырт үндөө болуп жатпайбы. Классташтардын жолугушууларында ысырапкерчиликке жол берилген учурлар бар. Андай жыйындарда социалдык теңсиздик байкалат. Бирок ага ким катышкысы келбесе, барбай коё берет. Ар ким өзү чечет. Имам чакырык кылбашы керек.

Имам эскертүү алды

Бишкек шаардык казыятынын өкүлү, казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов Интернетке тараган аудиодогу үн имам Бахтыяр Шараповго таандык экенин "Азаттыкка" ырастады. Бирок андагы сөздөрдү жалпы дин өкүлдөрүнүн эмес, анын жеке көз карашы катары кабыл алуу керек экенин айтты:

- Аудио жазуу Интернетке чыгары менен Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажидов имамга телефон чалып, мындай чакырыктарды жасоо туура эмес экенин катуу эскертти. Казыятка да чакырып, түшүндүрүлдү. Имам мындай сөздү экинчи кайталабоого убада берди.

"Азаттык" имам Бахтыяр Шарапов менен байланышып, өзүнүн пикирин да сурады. Ал муну эки жума мурун мечитте сүйлөгөнүн айтты:

- Ибадатка келгендердин бири ушул темада суроо узаткандыктан, жооп иретинде айттым эле. Чакырык кылуу ниетим жок болчу. Ар бир адам адашат эмеспи. Казыяттан эскертүү беришти. Туура кабыл алдым.

"Имам туура сүйлөдү"

Кыргызстанда жыл сайын мектепти бүтүп кеткен классташтардын 10, 20, 40 жылдык жолугушуулары өтөт. Айрымдары өздөрү билим алып кеткен мектепке белек тапшырса, кээ бирлери туулган айылдарындагы социалдык маселелерди чечкенге тыйын чогултушат. Кафе-ресторанга барып, чер жазгандар да бар.

Коомчулукта мындай жыйындар достордун сагынычын тараткан кезигишүүсү катары да, ашыкча чыгым катары да сыпатталып жүрөт. Ал эмес, достор бири-бирине байлыгын, жетишкендиктерин мактануучу аянтча деп да мүнөздөлөт. Андыктан "молдонун айтканын бир тараптуу сындоо туура эмес" деген пикирдегилер да бар.

Эркин журналист Эмилбек Момунов классташтардын жолугушуусунда чын эле ысырапка жол берилген учурлар бар экенин эске салды:

Эмилбек Момунов.
Эмилбек Момунов.

- Бизде молдолор бир сунуш же кеңеш айтса эле аны бир тараптуу сындоо өнөкөткө айланып калды. Алардын пикирин талдабай эле "туура эмес" деп баалай беришет. Классташтардын жолугушуусу боюнча имам туура маселе көтөргөн. Анын сөздөрү экономикалык жактан караганда да, моралдык жактан алганда да жөндүү. Мындай жолугушуулар ыксыз чыгым болуп жатпайбы.

Буга чейин Кыргызстанда диний ишмерлер Жаңы жыл, Нооруз майрамдарын белгилөөгө каршы чыгып, ал үчүн сынга кабылган учурлары болгон. Ошол эле учурда имамдар сергек жашоого үндөө, социалдык проблемаларды жоюу жана жаратылышты коргоо боюнча акцияларга да жигердүү катышып келет.

Муфтиятта имамдардын ишин тескеген даават, үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмү бар. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставына ылайык, молдолор мыйзамдарды бузган, адам эркиндигин чектеген жана шарият темасынан алыс чакырыктарды айтууга акысыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG