Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 05:26

Кыргызстанда тарыхты изилдөөгө сыйлык уюштурулат


“Ата Бейиттеги” сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган айкел. Чүй. Чоң-Таш айылы.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын тарыхын изилдөө үчүн окумуштууларга сыйлык уюштурат.

Бул тууралуу Сариев бүгүн Кыргыз улуттук илимдер академиясындагы конференцияда билдирди. Анын айтымында, тарыхты иликтеген мыкты изилдөөгө жыл сайын 100 миң сомдон сыйлык чектелет.

Быйыл сыйлык башкалаанын 140 жылдыгына карата борборду жана Бишкек баатырды изилдеген илимий эмгектерге берилмекчи. Кийинки жылдардагы сыйлыктарды Улуттук илимдер академиясына караштуу Тарых изилдөө институту аныктап, жобосун иштеп чыгат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG