Нью-Йорк штатынын прокуратурасынын 14-июндагы жарыясына караганда, алар президент Дональд Трамптын жеке кайрымдуулук корун “мыйзамсыз иш-аракеттери” үчүн сотко берди.
Штаттын башкы прокурору Барбара Андервуддун айтымында, сотко доо арыз жолдоо аркылуу алар фонддун жоюлушун да көздөшүүдө.
Прокуратура бул коммерциялык эмес уюм штатта жана федералдык мыйзамдарда каралбаган максаттарды, анын ичинде президенттик шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн колдонулган деп эсептөөдө.
Трамп анын кайрымдуулук коруна каршы сотко арыз берилишин "Твиттердеги" баракчасында “күлкүлүү” деп атады. Бул АКШ президенти жана анын кызматташтары кабылган юридикалык проблемалардын дагы бири болду.
Былтыртан бери атайын прокурор Трамптын мурдагы кызматташтарынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөөдө.
Быйыл апрелде ФБРдин агенттери Трамптын узактан берки жеке адвокаты Майкл Коэндин кеңселерин тинтип, миңдеген документтерди жана электрондук каттарды алып кеткен. Ал эми федералдык судья адвокатка прокурорлор расмий айып коюшу мүмкүндүгүн ишара кылган.
Трампка каршы сотко эки аял да жарандык доо арыз берип, "ал президенттик кызматка келгенге чейин мамиледе болгонбуз, бул жашыруун калуусу үчүн ири суммада акча төлөнгөн" деп ырасташкан. (UE)