Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Илмияновго каршы жазылган арыз кайтарылып алынды


Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү.
Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү.

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жазган арызын кайтарып алды. Бул маалыматты ал “Азаттыкка” өзү ырастады.

Жаналиев мыйзамды билбестен УКМКга арызданып алганын, Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесин (“Алдамчылык”) милиция карап, иликтей турганын белгилеген арызды коопсуздук комитетине жолдоду.

21-июнда Азамат Жаналиев УКМКга арыз менен кайрылып, ал Атамбаевдин сүрөтүн Илмияновго 10 миң долларга сатканын, бирок ал болгону 2500 доллар гана алганын айтып, Илмияновду "калган акчаны бербей, алдап кетти" деп айыптаган.

КСДП фракциясынын билдирүүсүндө сүрөтчү эмгегин белекке гана бергени, акча тууралуу эч кандай сөз болбогону айтылат. Ошондой эле Илмиянов сүрөттү кайтарып берүүгө даяр экенин белгилеген.

Азамат Жаналиев жазган арызда Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулу Айбек Маматбековдун да аты аталган. Ал 15 миң долларга бааланган үч сүрөтүн ала албай жатканын, жалпысынан 52 миң доллардан ашуун суммага күйгөнүн жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG