Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Керебетти сүзүп алганы кабарланган жоокердин акыбалы оор бойдон калууда


Улуттук гвардиянын жоокерлери.
Улуттук гвардиянын жоокерлери.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы штабдын басма сөз кызматынын өкүлү Толкун Раимжанов кабарлады.

- Дарыгерлер консилиум кылып, жоокерди "убактылуу психиатриялык ооруканага көзөмөлдөө үчүн жаткыралы" деп, кийин жоокердин туугандары каршы чыгышкан. Азыр ал Кой-Ташта аскердик госпиталда жатат.

Улуттук гвардиянын Чүй облусунда жайгашкан №701 аскердик бөлүгүндө 20-июнда 1995-жылы туулган Б.Б. аттуу жоокер жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Интернеттеги маалымат булактары анын сабалганы тууралуу божомолдорду жазып чыгышкан. Бирок Башкы штабдын басма сөз катчысы полковник Гүлзат Жарашева жоокер керебеттин темирин сүзүп алганын, окуядан кийин башын дароо "Юрфа" медициналык борборунун магниттик-резонанстык томографиясына (МРТ) тарттырганын айтып, эч кандай олуттуу жараат албаганын айткан.

XS
SM
MD
LG