Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:54

Европага агылган мигранттардын саны азайды


Жыл башынан бери Жер ортолук деңизи аркылуу Европага келген мигранттардын саны өткөн жылдын ушул убактысына караганда эки эсеге аз.

Жарым жылда ушул жолду 46 миң киши басып өтсө, өткөн жылы алардын саны 101 миңден ашкан. Бул тууралуу 6-июлда Эл аралык миграция уюму (МОМ) билдирди. Ал эми 2016-жылы жылы Жер ортолук деңиз аркылуу Европага келген мигранттардын саны 231 миңге жеткен. Качкындардын басымдуу бөлүгү, 17 миңдейи Италияга, 16 миңдейи Испания жана Грецияга 14 миңи кирген.

Деңиз аркылуу Европага агылган мыйзамсыз мигранттар менен качкындар адегенде Италия, Испания жана Грециянын аралдарына жетүүгө аракеттенишет.

Жакшы жашоо издеп кайык менен деңиз аркылуу жолго чыккан миңдеген жарандар көздөгөн жерине жетпей каза болушат. Жыл башынан бери 1,5 миңдей киши, өткөн жылдын биринчи жарымында 2,5 миңдей киши жолдо каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG