Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Жогорку сотто Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасы каралат


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Жогорку сотто Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасы каралат. Жараян бүгүн саат 10.00гө белгиленген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кубанычбек Кулматовду быйыл 5-июнда кармап, ал 28-июнга чейин камакка алынган.

25-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карап, аны 28-августка чейин абакта калтырды.

Актоочу тарап экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга даттанган.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталууда. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде​ экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат.

Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG