Былтыр дүйнөдө айлана-чөйрөнү коргогон 200дөн көп активист киши колдуу болуп өлгөн. Алар негизинен айыл чарба жана кен иштетүү долбоорлоруна каршы чыккандар болчу. Бул тууралуу "Global Witness" укук коргоо уюму 24-июлда жарыялаган баяндамада айтылат.
Уюмдун маалыматына караганда 22 өлкөдө 207 ошондой учур катталган, 53 активисттин өлүмү үчүн өкмөттүк коопсуздук күчтөрү жооптуу экени аныкталган. "Global Witness" мындай статистика жүргүзө баштаган 2001-жылдан бери бул эң жогорку көрсөткүч.
Бул жагынан алганда 57 киши өлтүрүлгөн Бразилия эң кооптуу өлкө, экинчи орунда Филиппин турат.