Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

БУУ Орусияны абактардагы кыйноо фактыларын иликтөөгө үндөдү


Сүрөт Ярославлдагы түзөтүү колониясында тартылган видео тасмадан алынды.
Сүрөт Ярославлдагы түзөтүү колониясында тартылган видео тасмадан алынды.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарына көз салган адистери орус бийлигин түрмөлөрдөгү жана эмгек колонияларындагы ур-токмок жана кыйноо фактыларын иликтөөгө чакырды. Уюмдун Кыйноого каршы комитетинин башчысы Йенс Модвиг Европа кеңешине кирген өлкөлөрдүн ичинен Орусияда абактагылардын өлүмү көп катталаарын 25-июлда Женевадагы жыйында билдирди.

Анын айтымында, Орусиядагы миңге чукул абак жайларында 600 миңдей киши жазасын өтөп жатат. Жыл сайын орус түрмөлөрүндө төрт миңге чукул киши көз жумат. Модвиг орус түрмөлөрүндө кыйноолорго каршы механизмдер жолго коюлбаганын кошумчалады. Орусиянын делегациясы БУУнун адистеринин айткандарына 26-июлда улана турган жыйында жооп бергени жатат.

Женевадагы жыйын Орусияда түрмөлөрдөгү зордук-зомбулук тууралуу кабарлар талкуу жаратып жаткан учурга туш келди.

Апта башында Орусиянын Брянск аймагында "абакта жазасын өтөп жаткан кишини думуктуруп өлтүргөн" деген шек менен бир түрмө сакчысы кармалганы белгилүү болгон. Андан мурда Ярославлдагы түзөтүү колониясындгы ур-токмокту көрсөткөн видео Интернетке тарап кетип, 17 түрмө сакчысы кызматтан четтетилген эле.

XS
SM
MD
LG