Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Укук коргоочу Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин аныктоону талап кылды (видео)


Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясында. 1-август, 2018-жыл.
Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясында. 1-август, 2018-жыл.

Жарандык активист жана укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтеш үчүн көчмө топ түзүүнү талап кылды. Ал мындай талап менен бүгүн, 1-августта Өкмөт үйүнүн имаратынын алдына нааразылык акциясына чыкты.

- ИИМдин "сууга чөктү" деген маалыматына чектелип отуруп калган болбойт. Өлүмдүн себептерин аныктай турган, жарандык коомдун өкүлдөрү кошулган күчтүү өкмөттүк комиссия же көчмө топ түзүүнү талап кылам. Мындан сырткары, ошол трагедия болгон пансионат жабылсын. Президент да, өкмөт да - бардыгыбыз ушул трагедиянын аныгына жетишибиз керек - эмнеге мындай кырсык болду? Анткени Уландын окуясы боюнча көп түшүнүксүз жагдайлар бар, биз так маалымат алышыбыз керек, - деди Өндүрүш Токтонасыров.

Коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачкан бир топ ири иликтөөлөрдүн автору, "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы толук жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек. (КЕ)

Токтонасыров: Уландын окуясы дыкат текшерилсин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

XS
SM
MD
LG