Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Азиз Суракматов: 800 автобус, 400 троллейбус сатып алуу планым бар


Азиз Суракматов тил сынагын тапшыруу учурунда. 31-июль, 2018-жыл.
Азиз Суракматов тил сынагын тапшыруу учурунда. 31-июль, 2018-жыл.

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Өнүгүү-Прогресс" жана КСДП фракциялары 3-августта мэрдин кызматына талапкер Азиз Суракматов менен жолугушуп, анын программасы менен таанышты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Суракматов өз программасындагы маанилүү багыттар жаңы жолдорду куруп, эскилерди оңдоо, 700-800 даана чоң автобус, 350-400 троллейбус сатып алуу, экологияны сактоо, бак-дарак отургузуу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, шаар бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн кошумча каржы булактарды табуу экенин айтты.   

Ага чейин талапкер менен "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан"  жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары кездешкен.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматов гана арыз берген.

Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген.

Ошол күнү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бишкек шаардык кеңешинде мэрди шайлоо 8-августка белгиленген. (NT)

 

XS
SM
MD
LG