Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү чек арада дагы эки тилкени тактоо иштерин аяктады. Фергана жана Баткен облустарынын ортосунда Шахимардан жана Газнов тилкелериндеги чектеш жерлер аныкталганын расмий Ташкент шаршембиде билдирди.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 1-7-август күндөрү Фергана шаарында чек араны тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу болду. Кыргыз тарап азырынча расмий билдирүү тарата элек.
2017-жылы эки өлкө ортосундагы 1378 чакырым чектеш аймактын 1170 чакырымы такталган. Былтыр жыл аягына чейин калган жерлер аныкталып бүтөрү айтылган, бирок делимитация жана демаркация иштери уланууда. Эки тараптын жумушчу топтору утуру тигил же бул өлкөдө жолугушууларды өткөрүп келатышат.
Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун тушунда солгундап кеткен кыргыз-өзбек мамилеси Шавкат Мирзиёев бийликке келген соң кайра жанданган.